Аппараттын түзүмү

Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн структуралык түзүмү

Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн аппараты жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын негизинде иш алып барып, калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылат. Аппараттын түзүмү башкаруу, финансы, социалдык тармак, жер ресурстары, санариптештирүү жана коомдук кызмат көрсөтүү багыттары боюнча уюштурулган.

Айыл өкмөтүнүн башчысы

Айыл өкмөтүнүн жалпы ишмердүүлүгүн жетектейт, аппараттын ишин координациялайт жана жергиликтүү башкаруу саясатын жүзөгө ашырат.

Жетекчилик жана башкаруу

Айыл өкмөт башчысынын орун басары Аппараттын тармактык иштерин координациялоо жана уюштуруу
Жооптуу катчы Иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштерин камсыз кылуу
Юрист — башкы адис Укуктук камсыздоо жана нормативдик актылар менен иштөө

Финансы жана экономика

Башкы адис — материалдык бухгалтер Финансылык эсеп, материалдык баалуулуктар жана отчет жүргүзүү
Адис — эсеп бухгалтери Бухгалтердик эсеп жана каржылык документтер менен иштөө
Кирешелер боюнча башкы адис Салыктык түшүүлөр жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү
Жетектөөчү адис — сатып алуулар боюнча Мамлекеттик сатып алуулар жана келишимдерди уюштуруу

Жер ресурстары жана айыл чарба

Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис Жер пайдалануу, айыл чарба жана агрардык маселелер
Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис Айыл чарба багытындагы иштерди уюштуруу жана мониторинг жүргүзүү
Ветеринардык инспектор — жетектөөчү адис Мал чарбачылыгы жана ветеринардык көзөмөл

Социалдык жана коомдук тармак

Социалдык маселелер боюнча башкы адис Социалдык жардам жана калк менен иш алып баруу
Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча башкы адис Коомдук саламаттык жана профилактикалык иштер
Санариптештирүү жана IT технологиялар боюнча жетектөөчү адис Маалыматтык системалар жана санариптик кызматтарды өнүктүрүү
Аппараттын структуралык түзүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштурууга, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган.