Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр
Т.Кулатов айыл аймагындагы муниципалдык кызмат тарифтери
Төмөндө Т.Кулатов айыл аймагындагы муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр,
таза суу пайдалануу, таштанды чыгаруу жана жайыт пайдалануу боюнча
айылдык кеңеш тарабынан бекитилген расмий тарифтер көрсөтүлгөн.
Таза суу кызмат тарифтери
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ “Абшыр-Таза-Суу” ишканасы тарабынан калкка көрсөтүлүүчү таза суу кызматтары үчүн төмөнкү тарифтер бекитилген.
Калк үчүн айлык тариф
Ар бир адамга айына таза суу пайдалануу үчүн төлөм
14 сом 14 тыйын
Эсептегичи жок үйлөр
Шевелев таблицасынын негизинде 1 м³ суу үчүн
13 сом 47 тыйын
Мекеме жана ишканалар үчүн
Социалдык мекемелерге 1 м³ суу пайдалануу тарифи
17 сом 51 тыйын
Жаңы суу киргизүү
Башкы түтүктөн үйгө суу киргизүү үчүн техникалык кызмат акысы
3000 сом
Таштанды чыгаруу тарифтери
“Айылкурулуш” муниципалдык ишканасы тарабынан катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча төмөнкү тарифтер бекитилген.
Жеке турак үйлөр
Калктын катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу үчүн айлык төлөм
100 сом
Соода түйүндөрү
Соода жана кызмат көрсөтүү объекттеринен таштанды чыгаруу
150 сом
Жайыт пайдалануу тарифтери
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыт пайдалануу жана мал жаюу үчүн төмөнкү тарифтер бекитилген.
Отун акысы
Мал багуу үчүн жайлоого чыккан ар бир түтүн үчүн
1000 сом
Ири мүйүздүү мал
Ар бир баш кара мал үчүн жайыт акысы
130 сом
Жылкы
Ар бир баш жылкы үчүн жайыт акысы
200 сом
Кой жана эчки
Ар бир баш кой жана эчки үчүн жайыт акысы
5 сом
Кошумча жайыт тарифтери
Жакынкы жана ортоңку жайыттарды пайдалануу, чөп чабуу жана токой чарбасынын жайыттарын пайдалануу боюнча тарифтер.
Чөп чабуу үчүн жер
Ар бир сотых жер үчүн тариф
50 сом
Ноокат токой чарбасы жайыттары
Кара мал, жылкы жана эчки үчүн айлык тариф
20 сом
Кой үчүн
Ноокат токой чарбасы жайыттарын пайдалануу боюнча сезондук тариф
84 сом
Кой үчүн айлык тариф
Ар бир баш кой үчүн айына
12 сом
Муниципалдык кызмат тарифтери Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин
токтомдорунун негизинде бекитилген жана расмий колдонулат.