Ачыктыk • Жеткиликтүүлүк • Мыйзамдуулук

Төрөбай Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий маалыматтык платформасы

Бул расмий сайт аркылуу Т. Кулатов айыл аймагынын ишмердүүлүгү, кабыл алынган чечимдер, өнүктүрүү багыттары, жергиликтүү маанидеги жаңылыктар, муниципалдык кызматтар жана жарандар үчүн маанилүү расмий маалыматтар үзгүлтүксүз жарыяланып турат.

Расмий маалымат

Жарандар үчүн тез жеткиликтүү бөлүмдөр

Негизги кызматтар, кайрылуу формалары, документтер жана пайдалуу шилтемелер ыңгайлуу жайгаштырылып, компьютерден да, мобилдик түзмөктөн да оңой ачылат.

Расмий

Айыл өкмөттүн текшерилген жана актуалдуу маалыматтары

Ыңгайлуу

Жарандар үчүн негизги бөлүмдөр жөнөкөй түзүмдө

Төрөбай Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
АО
Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич

Ишеним телефону:
0552201983

E-mail: info@kulatov.gov.kg

Расмий каттар жана кайрылуулар үчүн

Жооптуу адам: Эшанкулов Мунарбек Иманалиевич

Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

Colored qr government blue

Пикириңизди калтырыңыз

Т. Кулатов айыл өкмөтү

Расмий маалымат

Жаңылыктар

Айыл аймагында болуп жаткан акыркы окуялар, жолугушуулар, социалдык жана инфраструктуралык иштер боюнча материалдар.

WhatsApp Image 2026 09 02 at 22.13.50

Т.Кулатов айыл аймагынын маданият кызматкерлери жана шайыр апалар  VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышышты

Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгүн даңазалаган өнөрпоздор Т. Кулатов айыл аймагынын Жолдош Амираев атындагы маданият үйүнүн маданият кызматкерлери жана Абшыр-Ата айымдары шайыр апалар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган иш-чараларга активдүү катышышты. Өкмөт тарабынан берилген улуттук формаларда кыргыз элинин өзгөчөлүгү, улуттук колорити өзгөчө чагылдырылды. Кийимдерде кыргыздын улуттук оймо-чиймелери жана түстөрү айкалыштырылып, элибиздин бай маданий мурасын даңазалаган өзгөчө көркөм образ жаратылды. 2-сентябрда Ош облусунун маданият кызматкерлери жана Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунан барган маданият кызматкерлери жана шайыр апалар, өнөрпоздор өздөрүнүн улуттук кийимдери жана концерттик программалары менен өзгөчөлөнүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өткөн иш-чарада кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, каада-салты жана маданияты кеңири чагылдырылды. Маданият кызматкерлери 25-августта Кырчын жайлоосуна жол тартып, боз үй тигүү, кол өнөрчүлүк буюмдарын даярдоо, улуттук өнөрлөрдү тартуулоо жана кыргыздын улуттук нандарын жасоо боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мындай иш-чаралар кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада-салтын жана өнөрүн кеңири жайылтууга, жаш муундарга жеткирүүгө жана дүйнөгө таанытууга чоң өбөлгө түзөт.
WhatsApp Image 2026 08 31 at 17.42.16

Т.Кулатов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттук мелдештерди өткөрүү

31/08/2026

31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында жергиликтүү тургундар арасында спорттук мелдештер уюштурулду. Иш-чаранын алкагында футбол жана волейбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага айыл аймагынын жаштары жана тургундары активдүү катышты. Мелдештерди уюштурууга Кулатов айыл өкмөтү тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилди. Спорттук иш-чаранын негизги максаты — айыл тургундарынын арасында достукту, ынтымакты жана биримдикти бекемдөө, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле жаштарды спортко тартуу. Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн спорттук чеберчилигин көрсөтүп, командалык оюн аркылуу ынтымакты жана биримдикти даңазалашты. Мындай иш-чаралар айыл аймагындагы коомдук ынтымакты бекемдөөгө, жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана спортту өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
42730310 3e70 48d3 8ac1 a9656e28fded
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Керимкулов Нурланбек Бейшенбековичтин тапшырмасы менен Т.Кулатов айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртууга байланыштуу 2026-жылдын 29-августунда айыл аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликтин жүрүшүндө айыл аймагында чоң жолдун жээктери, арыктар, спорт аянттары, мекеме ишканалардын айланалары тазаланып, тиричилик калдыктары чогултулуп, таштандылар тазаланып чыгарылды. Ишембиликке активдүү катышкан аппарат кызматкерлери, маданият жана спорт боюнча кызматкери, мекеме ишканалардын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. Таза айыл аймагыбыз — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз! Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич!

Маанилүү бөлүмдөр

Жарыялар, документтер жана вакансиялар

Конкурстар, ижарага берүү,  жана доолборлор ушул бөлүмдө жайгаштырылат.

Документтер
23/06/2026

Т. Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышы) кезектеги 19-сессиясынын токтомдору            

Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышы) кезектеги 19-сессиясынын №1-2 токтомдору
Ваканcиялар
Аппарат

Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүкадрлар резервине конкурс жарыялайт

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: жогорку билим; мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик багыт боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Негизги административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: жогорку билим; Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпы 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик багыт боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба
Дедлайн: 06/10/2025

Өнүгүү

Долбоорлор

Аймактагы социалдык, инфраструктуралык жана инженердик долбоорлор боюнча  блоктор жана маалыматтар.

Медиа

Фото жана видео галерея

Айыл аймагындагы иш-чаралар, расмий жолугушуулар жана аткарылган иштер боюнча медиаматериалдар.