Акыркы жаңылыктар
Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгүн даңазалаган өнөрпоздор
Т. Кулатов айыл аймагынын Жолдош Амираев атындагы маданият үйүнүн маданият кызматкерлери жана Абшыр-Ата айымдары шайыр апалар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган иш-чараларга активдүү катышышты.
Өкмөт тарабынан берилген улуттук формаларда кыргыз элинин өзгөчөлүгү, улуттук колорити өзгөчө чагылдырылды. Кийимдерде кыргыздын улуттук оймо-чиймелери жана түстөрү айкалыштырылып, элибиздин бай маданий мурасын даңазалаган өзгөчө көркөм образ жаратылды.
2-сентябрда Ош облусунун маданият кызматкерлери жана Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунан барган маданият кызматкерлери жана шайыр апалар, өнөрпоздор өздөрүнүн улуттук кийимдери жана концерттик программалары менен өзгөчөлөнүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өткөн иш-чарада кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, каада-салты жана маданияты кеңири чагылдырылды. Маданият кызматкерлери 25-августта Кырчын жайлоосуна жол тартып, боз үй тигүү, кол өнөрчүлүк буюмдарын даярдоо, улуттук өнөрлөрдү тартуулоо жана кыргыздын улуттук нандарын жасоо боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Мындай иш-чаралар кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада-салтын жана өнөрүн кеңири жайылтууга, жаш муундарга жеткирүүгө жана дүйнөгө таанытууга чоң өбөлгө түзөт.
31/08/2026
31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында жергиликтүү тургундар арасында спорттук мелдештер уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында футбол жана волейбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага айыл аймагынын жаштары жана тургундары активдүү катышты. Мелдештерди уюштурууга Кулатов айыл өкмөтү тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилди.
Спорттук иш-чаранын негизги максаты — айыл тургундарынын арасында достукту, ынтымакты жана биримдикти бекемдөө, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле жаштарды спортко тартуу.
Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн спорттук чеберчилигин көрсөтүп, командалык оюн аркылуу ынтымакты жана биримдикти даңазалашты.
Мындай иш-чаралар айыл аймагындагы коомдук ынтымакты бекемдөөгө, жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана спортту өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Керимкулов Нурланбек Бейшенбековичтин тапшырмасы менен Т.Кулатов айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртууга байланыштуу 2026-жылдын 29-августунда айыл аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликтин жүрүшүндө айыл аймагында чоң жолдун жээктери, арыктар, спорт аянттары, мекеме ишканалардын айланалары тазаланып, тиричилик калдыктары чогултулуп, таштандылар тазаланып чыгарылды.
Ишембиликке активдүү катышкан аппарат кызматкерлери, маданият жана спорт боюнча кызматкери, мекеме ишканалардын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.
Таза айыл аймагыбыз — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз!
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич!
10/06/2026
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылынан Абшыр-Ата эс алуу жайында “БИРИМДИК КЕРБЕНИ” аттуу иш-чара уюштурулду.
18/05/2026
Төрөбай Кулатов айыл аймагындагы Ынтымак айылында жайгашкан А. Самидинов атындагы маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара өткөрүлүп, энелерге арналган концерттик программа тартууланды.
08/05/2026
Т.Кулатов айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу маданий иш-чара өткөрүлүп, согуш ардагерлерине терең урмат-сый көрсөтүлдү.
18/04/2026
Т.Кулатов айыл аймагында өткөрүлгөн жалпы ишембиликте көчөлөр, коомдук жайлар тазаланып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, көчөттөр отургузулду.