Бүгүн, 2026-жыл 8-июнь күнү
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылынан Абшыр-Ата эс алуу жайында “БИРИМДИК КЕРБЕНИ” аттуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
Шейшеканов Данияр Турдубекович төрагалык кылып, жолугушуунун жүрүшүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу кеңири маалымат берип, буга чейин аткарылган иштер жана улуттук спорт түрлөрүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган пландарын баса белгиледи.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 43 спорттун түрүнөн мелдештер өтөөрү, Кыргызстандан 395 жана чет элдик спортчулар катышаарын билдирди.
Бул VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук иш-чараларына катышуу үчүн 100 мамлекетке расмий түрдө жобо жиберилген. Бардыгы 43 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп, анын 20сы өзүбүздүн улуттук спорт, калганы чет өлкөлүк спорттун түрлөрү болмокчу. Негизинен спорттук мелдештер өлкө аймактарында жер жерлерде өтөөрү айтылды.
Катышуучулар көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү маданий иш-чаралар, спорттук оюндар, илимий жактан жана көчмөн элдердин бай тарыхын, каада-салттардын, урп-адаттарын,
маданиятын жана руханий мурастарын дүйнөлүк коомчулукка кеңири таанытууда, жайылтууга өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп өттү. Анткени Көчмөндөр оюндарынын тарыхы- кыргыздын тамырына сиңген оюн.
Ошондой эле мындай масштабдуу иш-чаралар элдер ортосундагы маданий байланыштарды бекемдеп, достук мамилелерди чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөрүн билдирди.
Мындан тышкары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улуттук баалуулуктарды даңазалоо, салттуу маданиятты сактоо жана жаш муундарды тарыхый мурасты урматтоого үндөө багытында маанилүү экендигине токтолду.
Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында уюштурулду.
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич!




