Урматтуу ата-энелер, мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр!
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мектептерде өткөрүлүүчү «Акыркы коңгуроо» салтанатына байланыштуу ата-энелерден жана бүтүрүүчүлөрдөн акча каражаттарын чогултууга таптакыр тыюу салынганын маалымдайт.
Министрликтин №593/1 буйругуна ылайык төмөнкү аракеттер мыйзамсыз деп эсептелет:
- салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу үчүн акча каражаттарын чогултуу;
- мугалимдерге жана мектеп жетекчилигине белек алуу үчүн акча топтоо;
- мектептен тышкаркы көңүл ачуучу иш-чараларды уюштуруу үчүн каражат жыйноо;
- ата-энелерге ар кандай формада материалдык басым көрсөтүү.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул чаралар коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, ата-энелерге ашыкча каржылык жүк түшүрбөө жана билим берүү мекемелеринде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Белгилей кетсек, быйыл «Акыркы коңгуроо» салтанаты 29-май күнү өткөрүлөт.
Ошондой эле Агартуу министрлиги майрамдык иш-чаралар учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоого, жашы жете элек окуучулардын унаа башкаруусуна жол бербөөгө жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Урматтуу жарандар!
Балдарыбыздын коопсуздугу жана билим берүү чөйрөсүндөгү тартип — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз экенин унутпайлы!