Урматтуу жарандар!
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун жана агенттиктин кызматкерлеринин атынан белгисиз адамдар телефон аркылуу байланышып, ар кандай жалган маалыматтарды таратып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө.
Буга байланыштуу жарандарды өтө сак болууга чакырабыз!
Агенттиктин жетекчилиги жана кызматкерлери:
- телефон аркылуу акча каражаттарын талап кылбайт;
- жеке маалыматтарды, банктык реквизиттерди жана сырсөздөрдү сурабайт;
- кандайдыр бир маселени чечип берүү, кызматка орноштуруу же башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн мыйзамсыз сунуштарды бербейт.
Жарандарды маалыматтык коопсуздукка жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана алдамчылардын аракеттерине алданбоого чакырабыз.
Эгерде сиздерге шектүү чалуулар же билдирүүлөр келип түшсө, төмөнкү байланыш номерлерине кайрылыңыздар:
📞 0990 77-44-30
📞 0312 66-03-39