2026-жылдын 18-апрелинде Төрөбай Кулатов айыл аймагында жалпы ишембилик ийгиликтүү өткөрүлүп, аймакты тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери кеңири масштабда жүргүзүлдү.
Ишембиликке айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, муниципалдык ишкананын кызматкерлери, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана активдүү тургундар катышып, айлана-чөйрөнү таза сактоого өз салымдарын кошушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө айыл аймагындагы көчөлөр, тротуарлар, арыктар, коомдук жайлар жана эс алуу аймактары ирээтке келтирилип, топтолгон таштандылар жыйналып, тиешелүү жайларга чыгарылды. Айыл аймагы толугу менен тазаланып, санитардык абалы жакшыртылды.
Мындан сырткары аймакты жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул иштер айыл аймагындагы экологиялык абалды жакшыртууга жана жаратылышты коргоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Жалпы ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, мындай ишембиликтер 16-майга чейин улантылат.
Төрөбай Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич айыл тургундарын тазалыкты сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырып, төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Айыл аймагынын тазалыгы жана кооздугу ар бирибизден көз каранды. Табиятты коргоо жана тазалыкты сактоо — жалпыбыздын милдетибиз. Ошондуктан бардык тургундарды жана Абшыр-Ата эс алуу жайына келген меймандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырабыз.”
Таза айлана-чөйрө — ден соолуктун жана өнүгүүнүн башаты. Биргеликте айылыбызды таза, көрктүү жана жашоого ыңгайлуу аймакка айланталы!






