Бүгүн Төрөбай Кулатов айыл аймагында 9-Май — Улуу Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгына арналган чоң салтанаттуу маданий иш-чара болуп өттү.
Бул улуу күн — эркиндик жана тынчтык үчүн кан кечип күрөшкөн ата-бабаларыбыздын каармандыгын эскерген, алардын алдында таазим кылган ыйык майрамдардын бири. Майрамдык иш-чарага айыл тургундары, мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жаштар жана коомчулуктун өкүлдөрү катышып, Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы, анын эл үчүн калтырган сабактары жана ардагерлердин эрдиги тууралуу кеңири маалыматтар айтылды.





Согуш жылдарындагы оор күндөрдү баштан өткөргөн ардагерлерге жана алардын жаркын элесине арналган эскерүү сөздөрү айтылып, алардын эрдиги жаш муундар үчүн мекенчилдиктин, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын улуу үлгүсү экендиги белгиленди.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө катышуучулар ардагер ата-бабаларыбыздын сүрөттөрүн көтөрүп, орден-медалдары тагылган чапандарын кийип, сыймыктануу менен жүрүшкө чыгышты. Бул көрүнүш — ата-бабалардын эрдигине болгон урматтын жана тарыхты унутпоонун символу болду.
Улуу Ата Мекендик согуштун жаңырыгы тарыхтын өчпөс барагы катары кылымдар бою жашай берет. Бүгүнкү бейпил жашоо, жаркыраган күн жана кең келечек дал ошол баатырлардын эрдиги менен келгендигин ар бирибиз терең сезебиз.
Иш-чаранын алкагында патриоттук ырлар жаңырып, маданий программа тартууланып, Жеңиш күнүнүн мааниси дагы бир жолу даңазаланды.
Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич жалпы тургундарды Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, төмөнкү каалоо-тилектерин билдирди:
“Бул күн — ыйык тынчтыктын баасын түшүнгөн күн. Ар бирибиз согуштун азабын унутпай, тынчтыктын кадырын билишибиз керек. Дүйнөдө тынчтык болуп, элибизде ынтымак жана биримдик орносун. Жаркыраган күн үчүн, бейпил жашоо үчүн, кең келечек үчүн жана Ата Мекенибиз үчүн күрөшкөн ардагерлерибизге түбөлүк таазим!”
Урматтуу ардагерлер!
Сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Эрдигиңиздер эч качан унутулбайт!
Улуу Жеңиш күнүңүздөр менен куттуктайбыз!