Энелер күнү — мээрим менен ыраазычылыктын майрамы

702353989 989739194011206 8551065797309045449 n

Төрөбай Кулатов айыл аймагынын Ынтымак айылында жайгашкан А. Самидинов атындагы маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Бул өзгөчө майрам — үй-бүлөнүн куту, тарбиянын башаты болгон энелерге болгон терең урмат-сыйды жана ыраазычылыкты билдирген маанилүү күндөрдүн бири болуп саналат. Майрамдык кечеге айыл тургундары, ардактуу энелер, апалар жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө маданият үйүнүн кызматкерлери жана чыгармачыл өнөрпоздор тарабынан энелерге арналган обондуу ырлар, таасирдүү чыгармалар жана музыкалык номерлер аткарылып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды. Энелердин коомдогу орду, үй-бүлөдөгү мээрими жана балдарды тарбиялоодогу зор эмгеги өзгөчө белгиленип, алардын урматына жылуу каалоо-тилектер айтылды.

Майрамдык кечеде Төрөбай Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич сөз сүйлөп, бардык энелерди Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктады.

Өз сөзүндө айыл өкмөт башчысы энелер — ар бир үйдүн куту, коомдун тиреги экендигин белгилеп, алардын мээрими менен тарбиясы келечек муундун өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошорун айтты. Ошондой эле энелерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат турмуш жана үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Майрамдык иш-чара катышуучуларга көтөрүңкү маанай тартуулап, энелерге болгон терең урмат-сыйдын дагы бир көрүнүшү болду.

Кымбаттуу энелер!
Сиздерди Энелер күнү майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Ар дайым аман болуп, үй-бүлөңүздөрдүн сыймыгы болуп жүрө бериңиздер!