Кызыл-Булак айылында заманбап спорт комплекси курулуп жатат

WhatsApp Image 2026 05 20 at 19.35.08

Кызыл-Булак айылында жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүү максатында 55 миллион сомдук заманбап спорт комплекси курулуп, пайдаланууга берилүү алдында турат.

Долбоор тексти:
Төрөбай Кулатов айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак айылында калктын, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында заманбап спорт комплекси курулууда.

Аталган долбоордун жалпы сметалык баасы 55 миллион сомду түзөт. Анын ичинен:

  • 20 миллион сом жергиликтүү бюджеттен;
  • 35 миллион сом республикалык бюджеттен каржыланган.

Учурда курулуш иштери дээрлик толугу менен аяктап, спорт комплекси пайдаланууга берилүү алдында турат.

Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, жаштардын сергек жашоо образын калыптандырууга, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жана айыл аймагындагы спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.

Мындан сырткары, бул долбоор өспүрүмдөрдүн бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө, ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алууга жана келечектеги спортчуларды тарбиялоого багытталган маанилүү социалдык объекттердин бири болуп саналат.

Төрөбай Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан калктын жашоо шартын жакшыртууга жана жаштар үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлор мындан ары да улантылат.