Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл аймагында билим берүү тармагын өнүктүрүү, окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүү жана мектеп инфраструктурасын жакшыртуу максатында ири курулуш долбоорлору ишке ашырылууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесинин негизинде Абшыр-Ата, Кош-Дөбө жана К.Колдошов атындагы орто мектептерди жаңыдан куруу, ошондой эле эки тез жардам унаасын сатып алуу үчүн Президенттин Турукташтыруу фондунан жалпы 862 миллион 400 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Бул тууралуу Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев атайын жыйындын жүрүшүндө маалымдады.
Учурда айыл аймагында төмөнкү билим берүү объекттери боюнча иштер жүргүзүлүүдө:
🔹 Абшыр-Ата орто мектебин куруу (275 орундуу)
Каржылоо булагы: Республикалык бюджет
Бөлүнгөн каражат: 233 миллион сом
Президенттин фондунан каржыланган.
🔹 Кулуштан орто мектебин куруу
Каржылоо булагы: Республикалык бюджет
Бөлүнгөн каражат: 110 миллион сом
Учурда курулуш иштери башталган.
🔹 К.Колдошов атындагы орто мектебин куруу (500 орундуу)
Каржылоо булагы: Республикалык бюджет
Бөлүнгөн каражат: 312 миллион сом
Президенттин фондунан каржыланган.
🔹 Баглан орто мектебин куруу (225 орундуу)
Каржылоо булагы: Республикалык бюджет.
🔹 Э.Эргешов атындагы орто мектебин куруу (500 орундуу)
Каржылоо булагы: Республикалык бюджет
Бөлүнгөн каражат: 312 миллион сом
Президенттин фондунан каржыланган.
🔹 Т.Айбашев атындагы орто мектебин куруу (500 орундуу)
Каржылоо булагы: Республикалык бюджет
Каралган каражат: 358 миллион сом.
🔹 Т.Кулатов атындагы орто мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү
Каржылоо булагы: Республикалык бюджет
Бөлүнгөн каражат: 75 миллион сом
Курулуш жана оңдоо иштери 2025-жылдын декабрь айында аяктаган.
Бул долбоорлор айыл аймагындагы билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүп, окуучулар үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Ошондой эле келечек муундун сапаттуу билим алуусуна чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Төрөбай Кулатов айыл аймагында социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

