“Ходжа” каналы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, курулуш иштери башталат

Im

Төрөбай Кулатов айыл аймагында айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана сугат суу маселесин чечүү максатында маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон узундугу 16 чакырымдык “Ходжа” каналын капиталдык оңдоп-түзөө долбоору 2026-жылга республикалык бюджетке киргизилип, курулуш иштерин баштоо каралууда.

Ушул алкакта Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич жана Т.Кулатов айылдык кеңешинин төрагасы Рустамов Кеңеш Каримберди айылында курулуп жаткан каналдын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты.

Аталган долбоор ишке ашырылгандан кийин 2 миң гектарга жакын айыл чарба жери сугат суу менен камсыз болуп, мурда кайракы болуп келген айдоо аянттары суулуу жерге айланат. Бул өз кезегинде айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, түшүмдүн көлөмүн көбөйтүүгө жана дыйкандардын экономикалык абалын жакшыртууга чоң өбөлгө түзөт.

Мындан сырткары, айыл жетекчилиги Каримберди айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, сугат сууну сарамжалдуу пайдалануу жана заманбап тамчылатып сугаруу технологиясын киргизүү маселелери боюнча пикир алышууларды жүргүзүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан айтылган сунуш-пикирлер угулуп, сугат суу маселесин натыйжалуу чечүү багытындагы иштер мындан ары да улантылары белгиленди.

“Ходжа” каналын реконструкциялоо долбоору айыл аймагындагы айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат.