Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүкадрлар резервине конкурс жарыялайт

Төрөбай Кулатов айыл өкмөтү улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундары боюнча кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

📅 Жарыяланган күнү: 25.08.2025

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

  • жогорку же орто кесиптик билим (каалаган багыт боюнча);
  • иш стажына талап коюлбайт.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

  • жогорку билим;
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик багыт боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Негизги административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:

  • жогорку билим;
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпы 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик багыт боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • муниципалдык кызматтын тобу көрсөтүлгөн жеке арыз;
  • резюме (электрондук форматта);
  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалымат менен);
  • негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо), нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо), нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн;
  • илимий даража жана наам тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү.

⚠️ Эскертүү:
Талаптарга жооп берген талапкерлер гана ачык конкурстун кийинки этабына чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүшү зарыл.

📍 Документтерди кабыл алуу дареги:
Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Кызыл-Булак айылы, Т.Кулатов көчөсү №421

📅 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
2025-жылдын 26-сентябрынан 2025-жылдын 6-октябрына чейин, саат 17:30га чейин.

📞 Байланыш телефондору:
(0323) 6-00-15

📧 Электрондук почта:
info@kulatov.gov.kg

🕘 Иштөө убактысы:
Дүйшөмбү – Жума
08:30 – 17:30