VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 2026-жыл 8-июнь күнү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылынан Абшыр-Ата эс алуу жайында “БИРИМДИК КЕРБЕНИ” аттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шейшеканов Данияр Турдубекович төрагалык кылып, жолугушуунун жүрүшүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу кеңири маалымат берип, буга чейин аткарылган иштер жана улуттук […]
Энелер күнү — мээрим менен ыраазычылыктын майрамы

Төрөбай Кулатов айыл аймагынын Ынтымак айылында жайгашкан А. Самидинов атындагы маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул өзгөчө майрам — үй-бүлөнүн куту, тарбиянын башаты болгон энелерге болгон терең урмат-сыйды жана ыраазычылыкты билдирген маанилүү күндөрдүн бири болуп саналат. Майрамдык кечеге айыл тургундары, ардактуу энелер, апалар жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө […]
Улуу Жеңишке — 81 жыл: Т.Кулатов айыл аймагында 9-май майрамы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн Төрөбай Кулатов айыл аймагында 9-Май — Улуу Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгына арналган чоң салтанаттуу маданий иш-чара болуп өттү. Бул улуу күн — эркиндик жана тынчтык үчүн кан кечип күрөшкөн ата-бабаларыбыздын каармандыгын эскерген, алардын алдында таазим кылган ыйык майрамдардын бири. Майрамдык иш-чарага айыл тургундары, мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жаштар жана коомчулуктун өкүлдөрү катышып, Улуу Ата Мекендик согуштун […]