Акыркы жаңылыктар

WhatsApp Image 2026 09 02 at 22.13.50

Т.Кулатов айыл аймагынын маданият кызматкерлери жана шайыр апалар  VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышышты

Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгүн даңазалаган өнөрпоздор Т. Кулатов айыл аймагынын Жолдош Амираев атындагы маданият үйүнүн маданият кызматкерлери жана Абшыр-Ата айымдары шайыр апалар IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган иш-чараларга активдүү катышышты. Өкмөт тарабынан берилген улуттук формаларда кыргыз элинин өзгөчөлүгү, улуттук колорити өзгөчө чагылдырылды. Кийимдерде кыргыздын улуттук оймо-чиймелери жана түстөрү айкалыштырылып, элибиздин бай маданий мурасын даңазалаган өзгөчө көркөм образ жаратылды. 2-сентябрда Ош облусунун маданият кызматкерлери жана Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунан барган маданият кызматкерлери жана шайыр апалар, өнөрпоздор өздөрүнүн улуттук кийимдери жана концерттик программалары менен өзгөчөлөнүп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда өткөн иш-чарада кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, каада-салты жана маданияты кеңири чагылдырылды. Маданият кызматкерлери 25-августта Кырчын жайлоосуна жол тартып, боз үй тигүү, кол өнөрчүлүк буюмдарын даярдоо, улуттук өнөрлөрдү тартуулоо жана кыргыздын улуттук нандарын жасоо боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мындай иш-чаралар кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада-салтын жана өнөрүн кеңири жайылтууга, жаш муундарга жеткирүүгө жана дүйнөгө таанытууга чоң өбөлгө түзөт.
WhatsApp Image 2026 08 31 at 17.42.16

Т.Кулатов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттук мелдештерди өткөрүү

31/08/2026

31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында жергиликтүү тургундар арасында спорттук мелдештер уюштурулду. Иш-чаранын алкагында футбол жана волейбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага айыл аймагынын жаштары жана тургундары активдүү катышты. Мелдештерди уюштурууга Кулатов айыл өкмөтү тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилди. Спорттук иш-чаранын негизги максаты — айыл тургундарынын арасында достукту, ынтымакты жана биримдикти бекемдөө, сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле жаштарды спортко тартуу. Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн спорттук чеберчилигин көрсөтүп, командалык оюн аркылуу ынтымакты жана биримдикти даңазалашты. Мындай иш-чаралар айыл аймагындагы коомдук ынтымакты бекемдөөгө, жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана спортту өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
42730310 3e70 48d3 8ac1 a9656e28fded
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Керимкулов Нурланбек Бейшенбековичтин тапшырмасы менен Т.Кулатов айыл аймагынын санитардык абалын жакшыртууга байланыштуу 2026-жылдын 29-августунда айыл аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликтин жүрүшүндө айыл аймагында чоң жолдун жээктери, арыктар, спорт аянттары, мекеме ишканалардын айланалары тазаланып, тиричилик калдыктары чогултулуп, таштандылар тазаланып чыгарылды. Ишембиликке активдүү катышкан аппарат кызматкерлери, маданият жана спорт боюнча кызматкери, мекеме ишканалардын кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. Таза айыл аймагыбыз — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз! Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич!
718165781 1008880475430411 4665768750133501699 n

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында иш-чара болуп өттү

10/06/2026

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылынан Абшыр-Ата эс алуу жайында “БИРИМДИК КЕРБЕНИ” аттуу иш-чара уюштурулду.
702353989 989739194011206 8551065797309045449 n

Энелер күнү — мээрим менен ыраазычылыктын майрамы

18/05/2026

Төрөбай Кулатов айыл аймагындагы Ынтымак айылында жайгашкан А. Самидинов атындагы маданият үйүндө Энелер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара өткөрүлүп, энелерге арналган концерттик программа тартууланды.
690736667 981023918216067 2761980586922871794 n

Улуу Жеңишке — 81 жыл: Т.Кулатов айыл аймагында 9-май майрамы салтанаттуу белгиленди

08/05/2026

Т.Кулатов айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу маданий иш-чара өткөрүлүп, согуш ардагерлерине терең урмат-сый көрсөтүлдү.
673670149 964278169890642 3053813781398403647 n

Т.Кулатов айыл аймагында жалпы ишембилик, тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү

18/04/2026

Т.Кулатов айыл аймагында өткөрүлгөн жалпы ишембиликте көчөлөр, коомдук жайлар тазаланып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, көчөттөр отургузулду.